Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 07.09.2019 09:05 На русском

Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолукту. Сүрөт

Turmush -  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров баштаган делегация Тажикстандын Согди облусунда болду.

Маалым болгондой, делегация Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк майрамынын урматына уюштурулган чоң салтанатка катышты. Жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чарада Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода Баткен облусунун жетекчилигин 31-августта белгиленген Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгы менен куттуктап, тажик таланттары тарабынан кыргыз ыр, бийлери тартууланды.

Майрамдык салтанаттан соң Акрам Мадумаров менен Раджоббой Ахмадзода расмий түрдө жолугуп, эки тараптуу кызматташуу, кошуналык мамилелерди чыңдоо жаатында сүйлөшүштү.

Алгач Акрам Мадумаров тажик кесиптешин жана жалпы Тажикстандын, анын ичинде Согди облусунун элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, Кыргызстан менен Тажикстандын бактысы жана дөөлөтү эгемендүүлүгү экенин айтып, 28 жыл аралыгында эки мамлекет тең өнүгүүнүн туура жолун таба алды деп белгиледи. Ошондой эле «Баткен—Согди облустарынын элинин, ынтымагы, достугу, карым-катнашы кылымдарды карыткан, мындан ары да кошуналык алаканы бекемдөө, эки облустун ар тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү, чек аралаш аймакта элдин коопсуздугун камсыз кылуу менен, жаралган маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жетише беребиз» деген пикирин билдирди.

Ошол эле учурда Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмодзода бүгүнкүдөй жолугушуулар, улуу муундардан мурас калган эки элдин ынтымагы менен достугун чыңдоого, эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө салым кошорун белгиледи.

Тараптар акыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралаш аймактарында орун алып жаткан түшүнбөстүктөрдү жоюу, ар бир окуя боюнча дыкат иликтөө иштерин жүргүзүү, чыр-чатактарды болтурбоо максатында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү макулдашышты.

Жолугушуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун буга чейинки жумушчу жолугушуусунда жетишилген макулдашууларга ылайык өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×