Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 05.09.2019 15:31

Баткендин Бужум айылында бала бакча ачылды

Turmush -  Бүгүн, 5-сентябрда Баткен районунун Бужум айылында «Дилгир» бала бакчасы салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу бала бакчанын жетекчиси Орозгүл Сүйүнчүматова билдирди.

Анын айтымында, жалпы сметалык баасы 4 млн сомду түзгөн мекеменин курулушу 2017-жылы башталган. Аталган каражаттын 600 миң сому жергиликтүү бюджеттен, калганы стимгранттын эсебинен каржыланды. 25 балага ылайыкташтырылган бала бакчага эмеректерди алуу, жасалгалоо иштерине ата-энелер менен биргеликте 600 миң сомго жакын акча топтолгон. Бирок айылда балдар көп болгондуктан бала бакчага 60тан ашык бала кабыл алынды.

Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова Бужум айылында 3000 кожолук бар экендигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×