Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 05.09.2019 09:52

Кыргыз-тажик тараптардын пикир келишпестигинен кийин Баткендеги чек арада соода кылууга тыюу салынды

Turmush -  3-сентябрда Баткен районунун Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө аймагында кыргыз-тажик тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында аталган тилкеде соода кылууга тыюу салынды.

Маалым болгондой, Төрт-Көчөдө кыргыз-тажик тараптардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Ага эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары катышты. Жыйынтыгында шарттуу чек ара сызыгына чейин Төрт-Көчө кесилишинде эки тараптын жарандары соода жүргүзбөй турган болду.

Окуя тууралуу:

3-сентябрда саат 11:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө аймагында кыргыз-тажик жарандары топтолгону кабарланган.

Маалыматка караганда, аталган аймакка Тажикстандын 20-30га жакын жарандар чогулуп, соода кылып жаткан кыргызстандык жарандан унаасын алууну талап кылышкан. Алар унаа турган жер шарттуу чек ара сызыгы өткөн аймак болуп эсептелерин билдиришкен. Кыргыз тараптан да 20-30 адам чогулуп, нааразычылыктарын билдиришкен болчу. Алар аталган жер 49 жылга ижарага алынганын, бул жерде соода кылууга боло тургандыгын айтышкан.

Андан кийин эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чек арачылар, милиция кызматкерлери жолугушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×