Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 03.09.2019 16:54 На русском

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында адамдар топтолду. Видео

Turmush -  Бүгүн, 3-сентябрда саат 11:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө аймагында кыргыз-тажик жарандары топтолду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган аймакка Тажикстандын 20-30га жакын жарандар чогулуп, соода кылып жаткан кыргызстандык жарандан унаасын алууну талап кылышкан. Алар унаа турган жер шарттуу чек ара сызыгы өткөн аймак болуп эсептелерин билдиришкен. Кыргыз тараптан да 20-30 адам чогулуп, нааразычылыктарын билдиришти. Алар жер 49 жылга ижарага алынганын, бул жерде соода кылууга боло тургандыгын айтышкан.

Азыркы учурда эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чек арачылар, милиция кызматкерлери жолугуп жатышат. Чогулган адамдар толугу менен тарай элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×