Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 03.09.2019 16:35

Лейлектин Суу-Башы айылында узундугу 48 метр жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Turmush -  Кечээ, 2-сентябрда Лейлек районунун Ак-Cуу айыл аймагынын Суу-Башы айылында узундугу 48 метр жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ак-Суу айыл аймагынын башчысы Алимбек Халмуратов билдирди.

Анын айтымында, көпүрө ӨКМ тарабынан 2018-жылы курула баштаган. Ага жалпысынан 2 млн 553 миң сом сарпталды. Буга чейин дарыянын эки жээгин байланыштырган көпүрө болгон эмес. Калктын жарымы бир бетте, жарымы экинчи өйүздө калган. Ошондой эле ФАПка, мектепке каттаганда кыйынчылык жаралып келген.

Суу-Башы айылында 100 кожолук жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×