Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 03.09.2019 13:37

Баткендеги Көк-Таш–Ак-Сай жолуна асфальт төшөө иштери токтогон жок

Turmush -  Баткен районунун Көк-Таш—Ак-Сай жолунда асфальт төшөө иштери токтогон эмес. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жергиликтүү тургундар жол куруу иштери бир нече күндөн бери токтоп турганы тууралуу айткан болчу.

«Жолго асфальт төшөө үчүн керектелүүчү битум жетпей калганына байланыштуу асфальттоо иштери убактылуу токтогон. Бирок жакынкы убакта битум келсе кайрадан курулуш жанданат», - деди ал.

Көк-Таш—Ак-Сай жолунун 7 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери өткөн айда башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×