Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусу, Айдаркен 03.09.2019 09:27

Бүгүн тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал

Turmush -  Бүгүн, 3-сентябрда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 11…16°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоо этектеринде түнкүсүн 9…14°, күндүз 19…24°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×