Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 02.09.2019 21:47 На русском

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Сүрөт

Turmush -  Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Баткен районунун Ак-Сай айылына жакын аймакта (Кыргызстандын аймагы) кыргыз жарандары дарыядан жүк ташуучу унаага шагыл жүктөп жатышкан. Ошол учурда Тажикстандын чек арачылары келип, асманга 3 жолу эскертүү иретинде ок атышкан.

Курман болгондор жана жаракат алгандар жок.

Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, эки тарап чатактын себебин териштирип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×