Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 02.09.2019 12:49

Кызыл-Кыя шаарында жаңы көрүстөн ачылды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарындагы эски көрүстөн толуп калганына байланыштуу жаңысы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалыматка караганда, эски көрүстөн 70 жыл мурда пайдаланыла баштаган болчу. Жаңысын ачууну жергиликтүү тургундар демилгелеп чыгышты. Көпчүлүк жумуштар элдин күчү менен аткарылды. Ага катар эле Россияда иштеп жүргөн кызыл-кыялыктар, мэрия жардам берди. Жыйынтыгында көрүстөнгө келген эл отуруучу бастырма, суу сактоочу, буюмдар сакталуучу жай курулду.

«Бул көрүстөн элдин күчү, элдин батасы менен бүттү. Мындан ары бардык шарттары түзүлгөн, суу менен камсыз кылынган жана жашылдандырууга көңүл бурулган көрүстөн элге кызмат кылмакчы. Ашар жолу менен ачылгын көрүстөнгө салым кошкондорго, Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерге, мэрияга, жеке ишкерлерге жана тийиштүү мекемелерге ыраазычылык билдиребиз», - деди тургундар.

Мэриядан көрүстөндүн айланасын тосуу иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×