Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 31.08.2019 17:31

Баткендеги чек арада тажик тараптын жолду мыйзамсыз асфальтташынан улам чыр чыкты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 31-августта саат 9:45 чамасында Баткен районунун Таш-Тумшук айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестик чыкты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, тажик тараптын 200гө жакын тургуну Орто-Боз, Үч-Дөбө, Таш-Тумшук айылдарынын ички жолдоруна асфальт төшөй башташкан. Ал жолдун ортосунан шарттуу чек ара сызыгы өтөт. Баткендиктер алардын ишине нааразычылык билдирип, ортодо чатак чыккан. Сүйлөшүүлөр жыйынтык бербей, саат 12:00 чамасында кыргыз тараптан асманга 2 жолу, тажик тараптан 1 жолу ок атылган. Саат 12:15 чамасында эки тараптуу жолугушуу болуп, иш токтотулду.

Жолугушууга чек арачылар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×