Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 31.08.2019 14:49

Баткенде Эгемендүүлүк майрамы чет өлкөлөрдөн келген коноктор менен чогуу белгиленди

Turmush -  Баткен шаарынын тургундары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын нарындыктар, кошуна өлкөлөрдөн келген коноктор менен чогуу белгиледи. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин «Ынтымак кербени» менен Нарын облусунан делегация келген. Бүгүнкү майрамга кошуна Өзбекстан, Тажикстандын чектеш аймактарынан атайын өкүлдөр келишти.

Алгач облус жетекчиси Акрам Мадумаров, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов баш болгон чиновниктер коноктор менен бирге Кыргызстандын түптөлүшүнө чоң эмгек жасаган мамлекеттик ишмерлердин эстелигине гүлчамбарларды коюшту. Андан кийин айыл чарба продукциялары, улуттук тамак-аштар жана кол өнөрчүлүк боюнча жармаңке уюштурулду. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгынын урматына 28 жоокер 28 чакырым аралыктан борбордук стадиондо чогулган элдин алдына чуркап келди.

Майрамга удаа Баткенде облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Анын курулушуна мамлекет тарабынан 159 млн сом каралган. Мекеме күнүнө 250 адамды тейлөөгө ыңгайлашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×