Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 30.08.2019 16:00

Кадамжай районунда 3 кичи футбол аянтчасы ачылды

Turmush -  Кадамжай районунда 3 кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалым болгондой, Кадамжай шаарындагы Б.Айтматов атындагы мектебине курулган футбол аянтчасына жалпысынан 4 млн сомдон ашуун акча короду. Жийделик айылындагы аянтчага 2 млн 300 миң сом сарпталган. Бул каражат түрткү берүүчү гранттын жана жергиликтүү бийликтин эсебинен каржыланды.

Ал эми Кан айылындагы футбол аянтчасы жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен курулуп, ага 2 млн сомдон ашуун каражат сарпталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×