Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 29.08.2019 15:37

Чек арада товарды мыйзамсыз ташып бараткан жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Баткен облусунун чек ара кызматкерлери тарабынан чек арадан күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстандын 1991-жылы туулган И.Д. (эркек киши) аттуу жараны «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа менен Кыргызстандан Тажикстандын аймагына 1600 литр күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет жасаган. Учурда ал тиешелүү чара көрүү үчүн УКМКнын аймактагы кызматкерлерине тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×