Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 29.08.2019 09:50

Аба ырайы: 2-3-сентябрь күндөрү катуу жаан-чачын болушу мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 29-августта күндүз жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9 метрге чейин жетет.

2-3-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй облусунда түнкүсүн 11…16°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоо этектеринде түнкүсүн 9…14°, күндүз 19…24°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×