Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 28.08.2019 13:26

Баткенден чет өлкөлөргө ондогон тонна мөмө-жемиштер экспорттолду

Turmush -  Баткен облусунда 7 миң гектарга жакын өрүк бактары бар. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан 97 миң тонна өрүк жыйналып, кургатылганы 28 миң тоннаны түзөт. Өрүктүн ак өрүк, майский, абрикос, субхани, курмайы, мирсалжан жана башка жергиликтүү сорттору өстүрүлгөн. Ак өрүк жылына 10 миң тоннадан ашык жыйналып, ишкерлер тарабынан 8 миң тоннадан ашыгы чет өлкөлөргө, айрыкча Россиянын Москва, Красноярск, Новосибирск, Санкт-Петербург шаарларына экспорттолот. Быйылкы жылы ак өрүк көп болгондуктан 1 кг баасы 30-40 сом болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 5 сомго арзан баада сатылды.

Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында кооператив өрүк алма жана кайналыдан Украинага 44 тонна, Москва шаарына 20 тонна жана Санкт-Петербург шаарына 22 тонна, АКШнын Нью-Йорк шаарына 25 тонна жана Чикаго шаарына 15 тонна экспорттоду.

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы ишкана тарабынан Россиянын Новосибирск шаарына данегинен ажыратылган 10 тонна өрүк, 8 тонна кайналы, 2,5 тонна жер жаңгак, 19 тонна компот, Москва шаарына 21 тонна өрүк данеги экспорттолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×