Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 27.08.2019 16:51

Баткендин Зардалы айылындагы тургундардын ден соолугу текшерилди

Turmush -  Кечээ, 26-августта Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Кызыл Ай Коомунун дарыгерлери Баткен районунун эң алыскы, шарты оор Зардалы жана Кайыңды айылдарындагы элдин ден соолугун текшеришти. Бул тууралуу Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Анын айтымында, айылдарга окулист, терапевт жана башка дарыгерлер барды. Текшерүүнүн жүрүшүндө бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлдү. Айрымдарга дарылануу сунушталган.

Мындай иш-чара облустагы башка тоолуу райондордо да жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×