Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
25.08.2019 13:47 На русском

Нарын шаарындагы унаа кырсыктан 1 адам каза болду

Turmush -  Кечээ, 24-августта Нарын шаарындагы унаа кырсыктан 1 адам каза тапты. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 20:00 чамасында болгон. 19 жаштагы Н.Б. «Ниссан Цефира» үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, ат минип бара жаткан адамды сүзүп, андан соң токтоп турган «Жигулиге» урунуп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 1975-жылы туулган М.К., 1988-жылы туулган А.Ч. жаракат алган. Унаанын ичинде келе жаткан 1961-жылы туулган Ж.Б. каза болгон.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×