Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 24.08.2019 23:32

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Turmush -  Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 15:40 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылындагы тилкеде Тажикстандын Ходжаи Аъло айылынын тургундары топтолуп, Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан Ак-Сай–Көк-Таш жолу боюнча нааразычылык билдиришкен. Бирок тажик тарап менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин алар тарап кетишти.

Саат 15:30 чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү Борбордук тилкесинде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Тажикстандын 15-20га жакын жараны топтолуп, лейлектик тургундун үйүнүн короосун тосуп жаткан дубалдын курулушун токтотууну талап кылышкан. Алар анын үйү турган тилке тактала элек аймак экендигин айтышкан. Тажикстандыктар менен үй ээсинин ортосунда пикир келишпестик чыгып, тажик тарап дубалды буза башташкан. Жаңжалды алдын алуу үчүн Кыргызстандын чек арачылары менен укук коргоо органдары келген. Тажик тарап алардын куралдарын ээлеп алуу максатында таштарды ыргыта башташкан. Абалды тынчтандыруу үчүн чек арачылар асманга 2 жолу ок атышкан. Андан кийин тажикстандыктар өз аймактарына качып кетишкен.

Учурда чек арадагы абал тынч.

Бүгүн, 24-августта 20га жакын тажик жарандары Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында курулуп жаткан жолго нараазычылык билдирип чыгышканы кабарланган.

Кийинчерээк Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылындагы чек арада кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыкканы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×