Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 25.08.2019 20:04 На русском

Мекендештер: Тракторчу Р.Мадиев Россияда иштеп, тапкан акчасына Бишкекте үй салып, той берди (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 54 жаштагы тургуну Рыскулбек Мадиев 6 жылдан бери Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы чай чыгаруучу ишканада механизатор болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча ветеринар. Жубайы да Санкт-Петербургдагы метродо иштейт.

«Келгениме 6 жылдын жүзү болду. 2 күн иштеп, 2 күн эс алам. Мен иштеген жерде «Принцесса Нури» аталышындагы чайдын 100дөй түрү өндүрүлөт. 600гө чукул адам иштейбиз. Мунун ичинен 50гө жакыны кыргыздарбыз. Алардын ичинен нарындыктардан жалгыз эле менмин.

Айылда жүргөндө «МТЗ-80» үлгүсүндөгү тракторду айдачумун. Бул жакта алгач жөнөкөй эле жумушчу болчумун. Бул жерде жүктөгүч унаа (погрузчик) айдагандар ичкилик ичип, жумушка токтобой коюшту.

Бир күнү жетекчиге тракторчу экенимди айтып кайрылдым. Бирок жүктөгүч айдап көрбөнүмдү, антсе да айдап кетүү колумдан келерин айттым. Аны айдап жүк көтөргүчтөрүн иштетип көрдүм. Анан жетекчи мени дароо эле ушул жумушка орноштуруп койду», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле орус тилин билүүнүн пайдасы чоң экендигин белгиледи.

«Бул жакта нарындыктардын жашоосу жакшы. Биринчи келгенде батир таппай кыйынчылыктарга туш болгом. Батир берилчү эмес, коркушчу. Орус тилин билсең кыйналбайсың. Жаңы келгендерге «орус тилин үйрөнгүчө иштей тур» деп кыргыздар көп иштеген жерден иш таап беребиз. Бирок нарындыктар орус тилин 1-2 ай ичинде эле өздөштүрүп алышарын байкадым.

Санкт-Петербургдун тургундары согуш учурун көрүп калган эл катары москвалыктарга салыштырмалуу башка улуттун өкүлдөрүнө жакшы мамиле жасашат. Болгону түз, таза жана чынчыл болуу керек.

Бул жакта 2 жылдан бери «Ак-Талаа биримдиги» коомдук уюмун жетектеп келем. Негизги максат — жаңы келгендерге жумуш таап берүү, документ иштерине, ооруп калгандарга жардам көрсөтүү, жердештердин ынтымагын чыңдоо. Айрым алдамчы фирмалар «3 миң рубль бер, мынча рубль айлыгы бар ишке киргизем» деп алдап кетишет. Негизи ишке ала турчу ишканалар 1 тыйын албастан эле жумушка алат. Болгону жумушта ичимдик ичүүгө катуу тыюу салынган. Эгер ичимдик ичип алсаң дароо жумуштан айдаласың, экинчи сени жумушка албайт», - деди ал.

Жумушта күлкүлүү дагы окуялар болуп турат.

«Бир жолу эмгек өргүүсүнөн келсем эле бир орус жигит иштеп калыптыр. Ал мени менен түнкү нөөмөттө деле, күндүзгү нөөмөттө деле ары-бери өтүп кайра-кайра учурашат. Бул кайра-кайра учураша береби деп өзүм да түшүнбөй таң калдым. Арадан 1 ай убакыт өттү.

Бир күнү жүктөгүч техникам бузулуп калып, устага айттым. Уста «Александрдын жүктөгүчүн айдай тур» деп койду. Ага барып түшүндүрсөм, ал «бере албайм, мен дагы жаңы эле алдым» деп койду. Мейли деп кайра устага барып болгонун болгондой айттым. Уста Александрды чакырып эмне себептен жүктөгүчтү бербей жатканын сураса, ал «мага келген жок, мен көргөн жокмун» десе болобу. Мен барганымды айтсам дагы мойнуна албайт. Анан дагы бирөөсүн чакырды. Көрсө Александрдын түгөйү бар экен. Мен түгөйүнө барып эле сурай бериптирмин. Ал жердегилер күлүп эле калышты. Ошол окуя эсимден кетпейт», - деди ал.

Санкт-Петербургдагы кыргыздар Кыргызстандын тынчтыгын, өнүгүүсүн тилеп, жыл сайын түлөө өткөрүп турушат.

«Мекенге болгон сагыныч катуу. Бирок айла жок, иштеш керек. Өткөн жылы Бишкекке барып үй куруп, той өткөрүп келдим. Бул жактагыдай иш болсо өз мекениңде эле иштеп, жашаганга эмне жетсин. Эмгек өргүүсүнө чыккан учурда Ак-Талаага барып, туугандарга жолугуп, эс алып, сагынычты таратып, Ак-Талаанын суусунан кандыра ичип келебиз. Айрым кезде мекенибиздеги ызы-чууларды угуп капаланабыз. Бул жактагылар жылына 1-2 жолу чогулуп, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүн, тынчтыгын тилеп түлөө өткөрөбүз. Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын жана Жумгал райондорунан келгендер шерине уюштуруп алганбыз», - деди ал.

Рыскулбек мырза 3 уул, 1 кыз, 2 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×