Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 23.08.2019 09:18

Лейлек районунда жарандык коргонуу кызматтары менен айыл өкмөттөр текшерилди

Turmush -  Лейлек районунда жарандык коргонуу кызматтары менен айыл өкмөттөр 3 күндүк текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Баткен облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысынын орун басары Темирбай Айтбаев билдирди.

Анын айтымында, биринчи күнү теориялык текшерүү болсо, экинчи күнү жабдыктарды туура колдонуу, үчүнчү күнү өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттер үчүн даярдыктар текшерилди. Жыйынтыгында түзүмдөргө кемчиликтерди жоюу тапшырмасы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×