Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 21.08.2019 13:46

Баткенде мигранттардын балдарынын укуктары жөнүндө маселе көтөрүлдү

Баткен шаары
Баткен шаары

Turmush -  Баткен облусунда чет өлкөгө эмгектенүү максатында кеткен ата-энелердин балдары айрым учурда корголбой, зомбулуктарга кабылып жатат.

Баткен РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын ага инспектору Мундуз Үсөнованын айтымында, 2019-жылдын 6 айында жашы 18ге жете элек өспүрүмдөр катышкан кылмыш жана укук бузуулардын саны 21 учурга жеткен. Анын негизинде 10 өспүрүм милициянын тизмесине алынган. Өспүрүмдөр арасында кылмыштын көп катталуусу ата-энелер тарабынан балдарга болгон көзөмөлдүн начардыгынан болууда.

Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси Салтанат Акматова Баткенде мигранттардын балдарынын укуктары эмес, жада калса мигранттар менен иштешкен органдын өзү жок экендигин айтты. Чет жакка кеткендердин балдарынын Конституцияда жазылган укуктары бузулуп жатат.

Серепчилердин айтымында, Баткен облусунда 20 миңден ашуун адам сырткы миграцияда жүрөт. Анын 13 миңдейи бала-чакаларын жакындарына убактылуу таштап кеткен. Бирок бул сандар 2-3 эсе көп болушу мүмкүн. Анткени мигранттардын баары эле каттоодон өтө бербейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×