Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусу, Кадамжай 20.08.2019 08:58

Баткен облусундагы 8 калктуу конуш айыл макамын алды

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга 19-августта кол койду.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, бул мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мындан ары Баткен облусундагы 8 калктуу конуш айыл болуп эсептелип, административдик бирдик катары өз алдынча чечимдер кабыл алынат.

Баткендеги айыл категориясына кирген калктуу конуштар:

— Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Баткен районунун Аксай айыл аймагынын Миң-Булак айылы деп аталсын;

— Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылы деп аталсын;

— Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт айылы деп аталсын;

— Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө айылы деп аталсын;

— Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кудук калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кудук айылы деп аталсын.

— Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Өндүрүш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Өндүрүш айылы деп аталсын;

— Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа айылы деп аталсын;

— Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Учкун калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Учкун айылы деп аталсын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×