Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 18.08.2019 13:38 На русском

22 адам Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Арасында экс-премьер-министр жана депутат бар

Turmush -  22 адам Ысык-Көлдү сүзүп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган иш-чара 3 жылдан бери коомдук фонд тарабынан уюштурулуп келет. Бул жылы көлдү сүзүп өтүүгө 25 адам катталган. Бирок бүгүн, 18-августта өткөн иш-чарага 22 катышуучу келди. Алардын арасында экс-премьер-министр Темир Сариев, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков («Бир Бол») жана анын 2 уулу бар. Ошондой эле Казакстан, Россиядан келген спорт сүйүүчүлөр дагы катышты.

«Сүзүп өтүүчү дистанция 14 километрди түзөт. 2 жыл мурда алгачкы жолу уюштурганда 5 гана катышуучу катышкан, өткөн жылы 6 катышуучу болчу. Бул жылы 22. Алардын ичинен алтоо айымдар. Казакстандан 8, Россиядан 4 адам келди.

Биздин максат — Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүү. Кызыккандар көп, бирок биз көп катышуучунун коопсуздугун камсыздай албайбыз. Жыл өткөн сайын жабдыктарды алууга аракет кылып жатабыз. 2 жылдын аралыгында катышуучулардын санын 200гө жеткирүүнү көздөдүк», - деди коомдук фонддун президенти Канат Келсинбеков.

Бүгүн алгачкылардан болуп маарага 25 жаштагы Эмил Турусбеков (4 саат 48 мүнөттө) келди. Экинчи болуп анын атасы депутат Бактыбек Турусбеков келсе, үчүнчү Мурат Закиров болду. Ал эми айымдар арасында алгачкылардан болуп кыргызстандык Алина Меремьянина маарага жетти.

Старт Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылында, ал эми маара Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×