Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусу, Исфана 13.08.2019 18:17

Лейлекте 20 жылдан бери эски пахталарды иштетүүчү цех иштеп жатат

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарынын тургуну Инсанай Ганиева 20 жылдан бери эски пахталарды иштеткен цех менен элге кызмат кылып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күнүнө 600-700 кг чейинки эски пахтаны кайра иштетип чыгарышат.

«Бизге эл иштетилгенден кийинки эски пахталарын алып келишет. Алардын 1 кг 14 сомдон тазалап беребиз. Ал эми тазаланган пахталарды 110 сомдон сатабыз», - деди ал.

Бул жерде жумушчу болуп иштеген Асрарбек Хажибабаевдин айтымында, күнүнө 400 сомдон акы алышат. Жалпы 4 жумушчу эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×