Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусуЛейлек району 13.08.2019 17:35 На русском

Лейлектин тургундары эгин, чөбүн жыйноо үчүн өмүрүн тобокелге салууга аргасыз. Сүрөт

Turmush -  Лейлек районуна караштуу Ак-Суу айылынын тургундары эгинин, чөбүн жыйнап алуу үчүн дарыяны кечип өтүүгө аргасыз. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Ак-Суу айылындагы айдоо жерлер Ак-Суу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Бирок айылды айдоо жерлер менен байланыштырган көпүрө бүгүнкү күнгө чейин курула элек. Анын кесепетинен тургундар дарыяны кечип өтүүгө аргасыз.

«Учурда эгин, чөп жыйноо учуру болгондуктан, дарыяны кечип өтүүдө бир топ кыйынчылыктар жаралууда. Чөп, кылкандуу дан эгиндерин суудан араң өткөрүп жатабыз. Ал эми жаан жааган күндөрү суунун деңгээли көбөйүп, дарыядан өтүүгө мүмкүн болбой калат. Айылда 5 миңге жакын адам жашайт. Айрыкча малды айдап өтүүдө кыйынчылыктар жаралат. Мал агып кеткен учурлар дагы болот. Ошондуктан көпүрө куруу зарыл», - дешет жергиликтүү тургундар.

Айылга көпүрө куруу зарылчылыгы бар экенин Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан да тастыкташты. Ал эми Ак-Суу айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, Ак-Суу дарыясынын аркы өйүзүндөгү Үч-Дөбө жайытын 5 миңге жакын тургун пайдаланат. Жайлоого да мал айдап өтүүдө дарыяны кечип өтүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×