Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусуКадамжай району 11.08.2019 19:34 На русском

Баткенден Россияга баңгизат жүктөп бара жаткан унаа кармалды. Видео

Turmush -  Баткен облусунун милиция кызматкерлери ири өлчөмдө баңгизат жүктөп бара жаткан унааны кармашты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБге Үч-Коргон айылынан «Вольво» үлгүсүндөгү унаа мөмө-жемиш жүктөп Россияга, андан ары Европага чыгып кеткени жана анын ичинде баңгизат болгондугу тууралуу оперативдүү маалымат түшкөн. Бул факт каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кадамжай РИИБдин кызматкерлери Кара-Көл ШИИБдин ЖККК бөлүмүнүн кызматкери менен бирге ыкчам иш алып барып, «Вольво» үлгүсүндөгү унаа Кара-Көлдө токтотулуп, Кадамжай РИИБге жеткирилген.

Айдоочу унаада 19 тонна шабдалы, кара өрүк, алмурут жүктөгөнүн жана аны Россияга алып бара жатканын билдирген. Текшерүү учурунда унаадагы мөмө-жемиштердин арасынан салмагы болжол менен 44 кг 300 грамм болгон 93 даана брикет табылган. Экспертизанын жыйынтыгында ал героин экени аныкталган.

Жүктүн ээси Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени такталып, ал жарандын жүргөн жерин аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×