Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 09.08.2019 16:40

Баткендеги тургундар документ иштерин бүтүрүүдө убаракерчилик тартпай калды

Turmush -  Баткен райондук жана Баткен шаардык калкты тейлөө борбору жаңы имаратка көчкөндөн бери тейлөө тармагы жакшырды. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Жыргалбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, бул жерде документтин бир нече түрлөрүн алышат. Эми күнүнө 250 адамды тейлегенге шарт жаралды.

«Буга чейин биздин имарат «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын имаратында жайгашкан болчу. Тар болгондуктан эл үчүн ыңгайсыз эле. Бирок азыр ЖААК, паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү биргеликте бирдиктүү терезенин алкагында бир жерге көчүрүлдү. Эл ишин эки жакка чуркабай бир жерден бүтүрүп жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×