Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусуБаткен району 09.08.2019 11:15

Аба ырайы: Бүгүн көпчүлүк аймакта өткүн өтүшү мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 9-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө +38...+40° чейин, Талас өрөөнүндө +36...38° чейин жогорулашы ыктымал.

9-10-август күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×