Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусуБаткен району 08.08.2019 16:30 На русском

Кадамжайдын Кара-Дөбө айылында 4 жылдан бери курулуш материалдарын чыгарган ишкана иштеп жатат

Turmush -  Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында 4 жылдан бери курулуш материалдарын чыгарган ишкана иштеп жатат. Аймактык кабарчы ишкананын иши менен таанышты.

Жетекчи Дилшод Юнусовдун айтымында, бул жердеги өндүрүшкө 19 млн сом каражат сарптаган. Бүгүнкү күндө бул жерде 60тан ашык жумушчу иштеп, 18 миң сомдон 40 миң сомго чейин маяна алышат. 2,5 гектар аянттагы ишканада күнүнө 10 миңге чейин пескоблок, 40 даанага чейин темир-бетон мамылар чыгарылат. Пескоблоктун бир даанасы 20 сомдон 35 сомго чейин сатылууда.

Керектүү цемент Кызыл-Кыядан алынып келсе, чыгарылган курулуш материалдары Баткен жана Ош облустарында сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×