Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Баткен облусуКадамжай району 08.08.2019 14:36

Кадамжайда шабдалы түшүмү 40 сомго чейин сатылып жатат

Turmush -  Кадамжай районунда шабдалы 25-40 сомго чейин сатылууда. Бул тууралуу Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айдаралы Асамидинов билдирди.

Анын айтымында, район аймагында 6 миң гектарга жакын бак-дарак болсо, анын 30%га жакыны шабдалы. Быйылкы жылы 10 миң тоннага жакын шабдалы жыйнала турганы күтүлүп жатат. Бул аймакта шабдалынын 10дон ашык сорту бар. Дыйкандар шабдалы бактарынын гектарынан 200-300 миң сомго чейин киреше табууда.

Акыркы жылдары райондо мөмө-жемиш сактоочу жайлар курулуп, дыйкандар түшүмдү сактап, 3-4 айдан кийин 2 эсе жогору баада сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кадамжай районунда мөмө-жемиш сакталган 25 жай бар. Анын сыйымдуулугу 3500 тоннага чейин жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×