Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусу, Сүлүктү 08.08.2019 12:25

Сүлүктүдө көмүр казган ишканага 1,5 млн доллар инвестиция тартылып, чет элдик жарандар да иштеп жатышат

Turmush -  Сүлүктүдө көмүр өндүргөн ишканада 2018-жылы 19755 тонна көмүр өндүрүлдү. Бул тууралуу шахтанын директору Ырысбек Жураев билдирди.

Анын айтымында, бул ишкана 1968-жылы негизделген. Бирок 1993-жылга чейин курулуш иштери менен гана алектенген болчу. 1993-жылдан баштап көмүр казуу ишмердүүлүгүн баштаган. 2018-жылы ишкана 50 жылдык мааракесин белгиледи. Былтыр 19755 тонна көмүр өндүрүлсө, 2019-жылы 20000 тоннадан ашык көмүр казуу пландаштырылып жатат.

Өндүрүштү көбөйтүү үчүн 2019-жылдын апрель айынан баштап Кытайдан инвесторлор тартылып, 1,5 млн долларга кошумча көмүр казылуучу 2 тилке даярдалып жатат. Ушул жыл ичинде аталган тилкелер ишин баштап, 60 адам жумуш менен камсыз болот. Бул жерде азыркы күндө Кытайдын 21 жараны иштеп жатат. Жалпы 122 адам эмгектенет. Алар 30 миң сомдон 50 миң сомго чейин маяна алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×