Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусуЛейлек району 07.08.2019 17:40

Лейлектин Белес капчыгайындагы кичи ГЭСтин курулушунун 60% аяктады (видео)

Turmush -  Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү Белес капчыгайында салынып жаткан кичи ГЭСтин курулуш иштеринин 60% аяктады. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Анын айтымында, ГЭС жеке ишкер тарабынан курулууда. Анын жалпы сметалык баасы 70 млн сомду түзөт. Эгер бул ГЭС пайдаланууга берилсе Сары-Дөш аймагында миңдеген гектар, Жар-Сай аймагында жүздөгөн гектар жерлер өздөштүрүлүп, сугат жерге айланат. Анын негизинде кошумча айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана жумуш орундарды түзүүгө шарт жаралат. ГЭСке суу жеткирүүчү үчүн узундугу 2 км болгон канал курулууда. Кытайдын Гонконг шаарынан 30 млн сомдук генератор жана электр жабдуулары алынып келди.

ГЭС курулса Жаңгакты дарыясынын суусун пайдаланат. 2020-жылы жаз айларында бүтө турган ГЭСтин кубаттуулугу 0,7 мегаваттка жакын. Азыркы учурда курулушта 10дон ашык адам иштеп жатат. ГЭС толук иштей баштаганда 20дан ашык адам эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×