Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусуЛейлек району 07.08.2019 15:40

Лейлектин Тогуз-Булак айылында эгиндерди жыйноо иштери башталды

Turmush -  Кечээ, 6-августта Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында арпа, буудайларды жыйноо иштери башталды.

Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаты Алмаз Жаныбековдун айтымында, эгиндерди 8 комбайн жыйнап жатат. Кээ бир комбайндар башка айыл өкмөттөрдөн алынып келген. Быйылкы жылы аталган айыл өкмөттөгү кайрак жердин 600 гектарына арпа, 270 гектарына буудай себилген. Гектарынан 25 центнерден буудай, 18 центнерден арпа алына турганы болжолдонуп жатат.

Бул жерде элдин үлүшү да бар. Алар кезекке жазылып, комбайндар кезеги менен барып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×