Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 07.08.2019 09:14

Баткенде кайрак жерге тамчылатып сугаруу жолу менен мөмө-жемиштер өстүрүлүүдө (сүрөт)

Turmush -  Баткен районуна караштуу Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кеп-Таш участкасындагы 7 гектар кайрак жерге тамчылатып сугаруу жолу менен мөмө-жемиштин түрү өстүрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жеке ишкер Шералы Юсуповдун айтымында, аталган жерде мөмө-жемиштин 2 миң 500 көчөтү отургузулган. Тамчылатып сугаруу үчүн 1 млн 700 миң сом каражат сарпталган. Учурда ал жерде 2 жумушчу иштеп, күзгө чейин калган 9 гектар жерге дагы көчөт отургузуу пландалууда. Жеке ишкерлер келечекте ал жерге сугат суу тартып келүүнү көздөп жатышат.

«Бул жердин жалпы аянты 16 гектар. Анын 7 гектарын өздөштүрүп, шабдалы, өрүк, алма, гилас (диал.), кара өрүктүн көчөттөрүн отургузганбыз. Аларды жумасына бир жолу сугарып турабыз. Сууну акчага ташып келишет. Ал үчүн бир айда 50 миң сомдой акча кетет. Чыгымдар буюрса көчөттөр мөмө бере баштаганда 10-15 жылдан кийин акталат», - дейт Шералы Юсупов.

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Ачыл Ташбековдун айтымында, аталган жерлер жеке ишкерлерге ижарага берилген. Алар ай сайын ижара акысын төлөп турушат.

«Салык жана социалдык төлөмгө 130 сомдон 200 сомго чейин төлөшөт. Айыл өкмөттө 50 гектарга жакын жер тамчылатып сугаруу жолу менен пайдаланылып жатат. Кара-Булак айыл өкмөтүндө жалпы 744 гектар кайрак жер бар болсо, анын 300 гектарга жакыны ижарага берилген», - дейт Ачыл Ташбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×