Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусу, Баткен 06.08.2019 21:21

Баткендеги оорукананын жаңы имаратын сентябрда пайдаланууга берүү пландалууда

Turmush -  Баткен шаарындагы көп жылдан бери бүтпөй келген бейтапкананын курулуш иштери аяктап, 1-сентябрда пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Баткен облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Арзыбек Бөрүбековдун айтымында, 2000-жылы бейтапкананын пайдубалы түптөлгөн. Андан кийин каражаттын жоктугунан иш токтоп калган. 2015-жылы республикалык бюджеттен 153 миллион сом бөлүнгөн. Ушул жылы курулуш иштери толук түрдө аяктады. Оорукананы 1-сентябрда колдонууга берүүнү пландалууда.

«Бул облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты 2000-жылы курула баштаган. Эски имараттын иштөө мүмкүнчүлүгү болбой, типтүү имарат салына баштаган. Жаңы салынган имаратта электрондук медицинага өтөбүз. Заманбап медициналык кызмат көрсөтүү максатында толук кандуу медициналык жабдыктар менен камсыздалат. Баткен району жана шаар эли үчүн биринчи медициналык жардам көрсөтүү да жогорулайт. Медицина кызматкерлери Ош, Бишкек шаарларына барып окубай, бул жактан окуу борбору ачылат. Инфекциялык талаптарга жооп бере турган шарт түзүлөт», - деди ал.

Учурда ооруканага эмеректер алынып келинип жатат. Мекеме иштей баштаса 250дөн ашык бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×