Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 06.08.2019 16:15

Баткендеги Р4 каналынын сыйымдуулугун көбөйтүү долбоору ишке ашырылып жатат

Turmush -  Баткен районунун Дара жана Кара-Бак айыл аймактарына караштуу Р4 каналы аркылуу бүгүнкү күндө 1543 гектар сугат жери тейленүүдө.

Облус жетекчилигинин маалыматына караганда, аталган канал 1971-жылы пайдаланууга берилген. Анын жалпы узундугу 12 км, сыйымдуулугу секундасына 1,5 метр куб. 2006-жылы сугат суунун жетишсиздигинен долбоордун негизинде каналды кеңейтүү иштери жүргүзүлүп сыйымдуулугу секундасына 2 метр кубга чейин көбөйгөн. Р4 каналын дагы кеңейтүү иштери жана Р4-1 жаңы каналынын курулушу ишке ашып, сыйымдуулугу 3,5 метр кубга жогоруласа, жогоруда аталган айыл аймактардын сугат жерлери жана жаңы өздөштүрүлө турган 1000 гектар жерге толук кандуу сугат суу берилет.

Түзүлгөн долбоордун болжолдуу баасы 44621,98 миң сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×