Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуКадамжай району 06.08.2019 10:50 На русском

Кадамжайдын Сур айылында жер астынан суу чыгарылды

Turmush -  Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылында жер астынан суу чыгарылды. Бул тууралуу Бирлик айыл айыл аймагынын башчысы Зайнабидин Бакиров билдирди.

Анын айтымында, Сур айылында 150 кожолук жашайт. Айылда көп жылдардан бери сугат суу тартыш болгон. Элеттиктер негизинен дыйканчылык жана мал чарба менен алектенгендиктен суудан кыйналып келишкен. 155 метр тереңдиктен чыгарылган суу 100 гектар үлүш жер жана 600 гектар чарбакты сугарууга жетет. Сугат сууга байланыштуу жергиликтүүлөр 3 жыл мурда демилге көтөрүп, ал демөөрчүлөр, жеке ишкерлер жана жергиликтүү бийлик тарабынан колдоого алынган. Жергиликтүүлөр да 1 млн 300 миң сом чогултуп салым кошушкан.

Жергиликтүү тургун Абдипали Тойчиевдин айтымында, элеттиктер буга чейин Гауян суусун пайдаланып келишкен. Ал үчүн 10 күн кезек күтүүгө аргасыз болушчу. Эми минтип жер астынан суу чыгарылып, элдин маселеси чечилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×