Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуЛейлек району 05.08.2019 19:40 На русском

Кыргыз-тажик чек арасына чогулгандар сүйлөшүүлөрдөн кийин тарап кетишти (сүрөт, видео)

Turmush -  Бүгүн, 5-августта саат 12:00 чамасында Баткендеги Лейлек районунун Максат айылында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары чогулду. Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, Тажикстандан 10-15 адам Футбол талаасы тилкесиндеги такталбаган жерге келип, тазалап башташкан.

Кыргызстандын чек арачылары дароо окуя болгон жерге барып, тажикстандык жарандарды тилкеден чыгарышкан. Андан кийин Тажикстан тараптан 50дөй жаран жана 40-50 чек арачы келген.

«Эки өлкөнүн аймактык чек арачылары менен акимдер жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзүлгөндөн кийин адамдар тарап кетти. Учурда абал тынч», - деп билдирди аймактык кабарчы.

Өткөн жылы 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат аймагынын Футбол талаасы тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыккан.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя саат 17:10 чамаларында болуп, тажик чек арачылары эскертүү катары асманга ок атышкан. Жаңжалга тажикстандык аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турум сызыгын бузганы себеп болгон. Алар баш аламан соода кылган кыргызстандык жарандарды Футбол талаасы тилкесинен кубалап чыккан болчу.

«Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда башталган жаңжал Кыргыз Республикасынын чек ара күзөтү барган учурда токтотулган. Кыргызстандык чек арачылар Тажикстандын аскер кызматкерлерине маселени аталган ыкма менен чечпөө тууралуу эскертүү берип, ошондой эле алар макулдашылбаган тилкеде экенин айтып, ал жерден чыгып кетүүнү талап кылышты. Алар коюлган талапты аткаруудан баш тартып, чагымчылдык кылып, эскертүүчү ок чыгарышкан. Андан кийин алар кыргызстандык чек ара күзөтү тарабынан кармалды. Ошондой эле Лейлек району менен Тажикстандын Жаббар – Расулов багыты боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү», - деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×