Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 05.08.2019 13:50

Баткендеги лагерлерде 415 бала эс алды

Turmush -  Баткен облусунун аймагында окуучулардын жайкы эс алуусу үчүн 4 лагерь иштеп жатат. Бул тууралуу облус жетекчисинин орун басары Чынара Осмонова билдирди.

Анын айтымында, Баткен районундагы «Алтын-Бешик», Кадамжай шаарында «Ак-Суу», Лейлек районунда «Алтын-Бешик» жана Сүлүктү шаарындагы «Тоо бүркүтү» лагерлери балдарды кабыл алып жатат. Өткөн жылы бул лагерлерге балдар толбой, балдардын жайкы эс алуусу солгундаган болчу. Быйыл балдардын жайкы эс алуусун жандандыруу максатында ар бир топко нормадан ашык кабыл алышты.

Июнь айынан тарта балдардын пайдалуу эс алуусун жакшыртуу максатында Баткен облусу боюнча 99 мектеп лагери уюштурулган. Бул жерлерде балдардын билимин өстүрүү, туура тарбия берүү боюнча ийримдер, кээ биринде ата-энелер тарабынан ысык тамактар да колго алынган.

Ошондой эле 10 жайлоо бала бакчалары балдардын эс алуусуна салым кошту. Анын төртөө Баткен, экөө Лейлек, төртөө Кадамжай районунда уюштурулган. Жайлоо бала бакчаларында 400дөн ашуун балдар тарбияланууда.

«Бизге Социалдык өнүктүрүү министрлигинен оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына, ата-энесинен ажыраган жана кыйынчылыкка кабылган 300 балага квота келген. Бирок алардын ичинен 100 балага гана мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнгөн. Калганын жергиликтүү бийлик уюштуруп, 300 эмес, 415 баланы лагерлерде эс алдырдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×