Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусуКадамжай району 03.08.2019 17:00

Кадамжайда букаларды уурдап, Ошко алып барып сатууга шектелген 4 жигит кармалды. Сүрөт

Turmush -  Кадамжай районунда мал уурулуктун бети ачылып, кылмышка шектелген 4 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кадамжай районунун Марказ айылынын 59 жаштагы тургуну М.А. милицияга арыз менен кайрылган. Ал 31-июлдан 1-августка караган түнү үйүндөгү мал сарайынан 45 миң сомдук букасын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 4 адам кармалды.

Кылмышка шектелгендер башка жерден дагы 4 бука уурдап, Ош жана Өзгөн шаарларына алып барып сатышкан. Ал кылмыштардын бети ачылып, уурдалган мал Ош жана Өзгөндөн алынып келди. Кармалган жигиттердин башка кылмыштарга да тиешеси бар болушу мүмкүн экендигинен улам учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×