Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусу, Баткен 03.08.2019 15:40 На русском

Баткендин базарында чак түштө бир адам бычакталып каза болду (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 3-августта Баткен шаарынын борбордук базарында 1 адам бычакталып каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен шаарынын тургуну Баткен шаарынын Кызыл-Бел кварталынын жашоочусун бычактап салган. Ал алган жаракатынан улам каза болду. Учурда Баткен ОИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Кийинчерээк Баткен ОИИБдин берген маалыматына караганда, бүгүн 14:10 чамасында Баткен шаарынын борбордук базары тарапта Салихов көчөсүндөгү үйдүн дарбазасынын сыртында киши колдуу болуп өлгөн Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 1941-жылы туулган Т.С.нын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектелип аталган үйдүн 1970-жылы туулган жашоочусу А.Н. кармалды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон адам менен шектүү экөө тең мас абалда болгон. Алар көчөдө пикир келишпестиктен урушуп, кийин үйгө кирип кетишкен. Пикир келишпестиктен улам чыккан чырдын аягы Т.С.нын өлүмү менен аяктаган. Шектүү анын көкүрөк тарабына бычак сайып, кийин аны дарбазанын сырт жагына алып чыгарып койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×