Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 02.08.2019 18:02

Баткендеги лагерде балдарга жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүлдү

Turmush -  Бүгүн, 2-августта Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Булак айылындагы «Алтын-Бешик» лагерине барып, балдарга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Түзүмдүн маалыматына караганда, иш-чара өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарды алдын алуу максатында уюштурулду. Жыл башынан бери облуста өспүрүмдөр катышкан 33 кырсык катталган. Анын кесепетинен 5 жаш бала каза болуп, 35 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×