Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баракелде, Дүйнө 02.08.2019 14:56 На русском

5000 сом берген премьерге «сдача жок» деп Нарынга жылдыз болгон Бегай Кипрде иштеп жатат

Turmush -  Нарын шаарында төрөлүп, ушул эле шаардагы Матен Сыдыков атындагы №7 орто мектептен билим алган 22 жаштагы Бегай Токонова учурда Кипр өлкөсүндөгү Гирне шаарында эмгектенет. Ал аталган шаарда кабылган кызыктуу окуялар тууралуу кабарчыга айтып берди.

Анын бул өлкөгө болгон сапары бала чагындагы кыялы менен байланыштуу.

«Нарын шаарындагы орто мектептен билим алып, андан соң ушул эле шаардагы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетин ийгиликтүү аяктадым. Студент кезимде эле коомдук иштерге активдүү катышып, 4-5 жерде ыктыярчы болуп иштедим. Негизи ыктыярчылык өзүмдү өнүктүрүүдө көп жардам берди десем болот. Тактап айтканда, чет тилдерди үйрөнүүгө, өз оюңду тартынбай айтууга жана көздөгөн максатыңа жетүүгө түрткү болот.

Нарын шаарында ыктыярчы болуп жүргөн кезимдеги кызыктуу окуя эсиме түштү. 2018-жылы шаарыбыздын 150 жылдыгы болуп, ага премьер-министр келген. Жанымдагы ыктыярчы кыз экөөбүз Нарын жаштар ордосу жана азем буюмдар жасалуучу дүкөн тууралуу шаар тургундарына маалымат берип жатканбыз. Ошол учурда биздин жаныбызга премьер-министр дагы келип, маалымат алып жатып ага 50 сомдук желбирөөч (брелок) жагып калды. Ал «мен ушуну сатып алайын» деп мага 5000 сомдукту карматты. Мен «эмнеге сатып алды?» деп таңкалып, «менде 5 миң сомго "сдача" жок» десем, премьер-министр жана ал жерде турган бардык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, журналисттер, шаар тургундары күлүштү. Анда жанымдагы кыз премьер-министрге «сиз бул жерде туруп туруңуз, акчаңызды майдалатып, сизге алып келип берем» десе кайра баары күлгөн. М.Абылгазиев: "Жумушуна так, ичинде кири жок кыздар экен. Өзүңөргө эле калсын, "сдачанын" кереги жок" деген. Ошондон кийин биз Нарын шаарында "жылдыз" болгонбуз», - деди ал.

Мекендешибиз кыргыз экенин айтканда айрымдар таң калышат.

«Жогорку билим алгандан кийин өз кесибим менен иштеген жокмун. Себеби кичинекей кезимде мага чет элдик меймандар менен иштешкен жакчу. Деңизге чукул өлкөгө барып иштейм деген ой-тилектерим бар болчу. Ушул кыялымдын арты менен 2018-жылы октябрь айында Кипр өлкөсүнүн Гирне шаарына келип иштеп жатам. Бул жактын тургундары кыргызмын десем ишенишпейт. Кыргызстандан келдим десем таңкалып, «кыргыздар кара тору, бою кичирээк, толук келишет. Сен Германия же Франциядан келген окшойсуң» деп айта беришет. Жок, мен кыргызмын. Кыргызстандан келдим десем, алар «анда чоң ата, чоң энеңдин бири кыргыз эмес го» деп баары бир ишенишпейт.

Бул жерге келгениме 1 жылдай болуп калды. Гирне шаарында кипр эли жок. Көбүнчө ар кайсы өлкөдөн келип отурукташып калгандар экен. Алар бизге абдан жылуу мамиле жасап, меймандос келгендиктен тез эле көнүп кеттим.

Бир жолу жумуштан жөө келе жаткам. Бир маалда дарбазасы ачылып турган үйдөн 2 чоң ит чыгып кубалады. Качып бара жатып эски үйдүн дарбазасына кирип, иттер кеткенче күтүп отурдум. Бир маалда бир эже унаа менен келип, «отур, үйүңө жеткирип коеюн» деген. Ушул окуя эч эсимден кетпейт», - деди ал.

Бегай Токонова түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Ал мектепте окуп жүргөндө кыргыз тасмаларында эпизоддук ролдорду жаратып жана моделдик кызматты да аркалап калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×