Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 02.08.2019 09:21 На русском

Кызыл-Кыя шаарында таза суу түтүктөрү оңдолуп жатат

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында таза суу түтүктөрү оңдолуп жатат. Бул тууралуу кечээ, 1-августта мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1956-1980-жылдар аралыгында пайдаланууга берилген таза суу түтүктөрү азыр жараксыз абалга келген. Учурда аларды жаңылоо иштери жүрүп жатат. Жалпы 30 км ашык түтүк жаңыртылат.

«Таза суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери долбоордун негизинде жүрүп жатат. Аны менен катар канализацияны жаңылоо боюнча долбоор менен иштөөнү чечтик. Эгер бул ишке ашып калса Кызыл-Кыя шаарында таза суу көйгөйү толугу менен чечилет. Таза суу программасына жергиликтүү бюджеттен да колдоо болуп жатат», - деди шаардын мэри Эрмекбай Топчубаев.

Жергиликтүү бюджеттен таза суу долбооруна 6 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Шаардагы Молодёжный, 14-15-кичи райондордо суу түтүктөрү орнотулат.

«Таза суу түтүктөрүн алмаштыруу жумуштары 2 жылда толугу менен аяктайт. Долбоор ишке ашып калса элге суу жеткирүү маселеси чечилет. Буга чейинки түтүктөр эски болгондуктан суулар көп жоготууга учураган. Эми бул көйгөйдөн арылабыз», - деди «Кызыл-Кыя суу канал» муниципалдык ишканасынын директору Абдилазиз Сатыбалдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×