Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуЛейлек району 01.08.2019 15:08

Лейлектеги «Алтын-Бешик» эс алуу борбору оңдоого муктаж

Turmush -  Лейлек районунда 110 баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар «Алтын-Бешик» эс алуу борбору оңдоо иштерине муктаж. Бул тууралуу мекеменин директору Абдилла Өсөров билдирди.

Анын айтымында, учурда имараттын эскилиги жетип, айрым учурда чатырларынан тамчы да өтүп турат. Алдыда имаратты жаңылоо иштери пландалууда.

«Бизди аксаткан нерсе – жатакананын эскилиги. Имараттын ичин канча жолу оңдоп-түздөп, сырдоо иштерин кылганыбыз менен чатыры эски. Эс алуу борбору тоолуу жерде болгондуктан жаан-чачын тез-тез болуп турат. 3 жатаканадан тамчы өтүп кетет. Балдар үчүн бассейн да жок. Өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн суу сактоочу кампаны бассейн катары колдонуп келебиз», - деди ал.

Лейлек районунун акиминин орун басары Марапат Ташполотованын айтымында, учурда борбордун шарттарын оңдоо үчүн жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтүп, акчалай жардам берген.

«Алтын-Бешикте» бул жайкы эс алууда Лейлек районунун аймагында аз камсыз болгон жана ата-энесинен ажыраган 300дөн ашуун бала эс алды. Алар 3 топко бөлүнүп келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×