Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусу, Баткен 31.07.2019 18:39 На русском

«Унааңды сатып, башкаларга жардам бер»: Индиядан боорун алмаштырган Миландын үйүндө чыккан чырдын чоо-жайы. Видео

Turmush -  Кечээ, 30-июлда интернетте «Кайрымдуу бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Азамат Байматов Индиядан бооруна операция жасаткан баткендик Милан Садыкжан уулуна байланышкан видео кайрылуу жарыялады. Аймактык кабарчы окуянын чоо-жайын такташтырды.

Маалым болгондой, А.Байматов видеодо Милан Садыкжан уулу аларга кол көтөргөндүгүн айткан. Ал өз сөзүндө Милан элден чогулган акчага оорулуу адамдарга жардам бербей, унаа алгандыгына нааразы экендигин айткан. Бүгүнкү күндө алардын тизмесинде жардамга муктаж 6 адам бар. Андыктан алар 30-июль күнү Кадамжай шаарынан Баткен шаарына 2 оорулуу адамды алып келип, 5-6 адам болуп, Милан Садыкжан уулунун үйүнө келишкен. Алар аны менен жолугуп, «унааңды сатып, акчасын ушул 2 оорулуу адамга бер» деп айткан. Мындан улам Милан аларга кол көтөрүп, камерасын талкалаган.

Ал эми бул окуя боюнча Милан Садыкжан уулу да өз оюн айтты.

«Операция болуп келгенден кийин эжем «Хонда Инспайр» үлгүсүндөгү унаасын белек кылган. Мен аны бүгүнкү күнгө чейин сүйүнүп айдап жүрдүм. Элден жашырган да жерим жок. Жараткан өмүрүмдү бергенине сүйүнүп, мендей болуп ооругандарга колдоо көрсөтүүнү чечтим. Боор оорусу менен жабыркаган Баткен районунун Бужум айылынын тургуну Кожомбай Айдаров жана Нарын облусунун тургуну Айдана Ташиеваны Индияга алып барып, операция жасатып келдим. Ошондой эле башка оорулуу адамдарга да колдон келген жардамды берип келем.

Окуяга токтоло турган болсом, 30-июль күнү Азамат Байматов 5-6 адам болуп менин үйүмө келиптир. Мен намаз окуп, эс алайын деп уктап жаткам. Атам келип ойготту. Сыртка чыксам Азамат Байматов менен жалпы 5-6 адам келиптир. Алар мага «Сен оорулуу адамдарга жардам бербей унаа минип жүрөсүң. Унааңды сатып, ушул 2 оорулуу адамга бөлүп бересиң» деп, камерага тартып, мага асыла баштады. Кийин атам менен да тартыша кетишти. Мен камераны талкалаган жокмун. Болгону үйдөн чыксам эле камерага тартып, көңүлүмдү ооруткан сөздөрдү айтып асылганына жиним келип, «камераны өчүр» деп тарткылаша кеттик. Бирок камера сынган жок. «Флешкасы жок, штативди сындырды» дейт.

Мага дарыгерлер операция болгондон кийин дары жазып беришкен. Бул дарыларды өмүр бою ичет экенмин. Айына бул дарыларга 5 миң сомдой акча кетет. Өзүм 1-топтогу майып болуп калдым. Жумушка кирейин десем 1-топтогу майып деп эч жакка кире албайм. Ата-энемдин тапкан акчасы менен жашап жатабыз. Мага бир тууган карындашым донор болгон. Азыр ал дагы дары ичип турат. Үйдөгү киреше карындашым экөөбүздүн дары-дармектерибизге араң жетип жатат. Мен бул унааны сатыкка да койгом. Бирок бул окуядан кийин эжем «берген унааны да эптеп мине албайт экенсиң, алып кетем» деди. Мага азыр унаа эмес, Алла өмүрүмдү кайтарып бергени чоң бакыт», - деди ал.

Миландын атасы Садыкжан Пазылов келгендер анын баласына кысым көрсөтүшкөнүн белгиледи.

«Ошол күнү саат 10:00 чамасында эшикте бирөөлөр чакырып калды. Карасам айылдын имамын ээрчитип Азамат Байматов келиптир. «Балаңызды чакырыңыз» дешти. Мен үйгө кирип, Миланды ойготтум. Алар «унааны сатып, буларга акчасын бөлүп бересиңер» деп балама кысым кылышты. Балам ошол күнү түнү менен уктаган жок. Баламды араң дарылатып, сүйүнүп турган кезибизде үйгө келип, «жериңди сатасың, унааңды сатасың» деп асылышты. Мен бир ишканада күзөтчү болуп 4 миң сом айлык алсам, келинчегим 7200 сом алат. Башка киреше жок. Миландын дары-дармеги эле эмес, ага донор болгон Диана кызымдын дары-дармектерин алып беришибиз керек. Бизде акча көп болсо кызымды жарым жан кылбай, акчага эле донор таппайт белек», - деди ал.

Ал эми Миландын 72 жаштагы кошунасы Доолат Жалилов аксакал бул окуяга өз көзү менен күбө болгондугун айтты.

«Мен аларга «ызы-чуу салбай кеткиле» дедим. Алар Миланга асылып, унааны талашты. «Эмне силер алып бердиңерби?» десем жок дейт. «Анда эмнеге талашасыңар?» дедим. Булар менен мен көп жылдан бери кошуна жашайм. Өздөрү зорго жашайт, балдарын дарылатат. Өздөрүнүн турмушу мындай болсо... Уялышпайбы... Булар атайын чыр чыгарганы келишкен. Жакшы сөз менен эле «колуңдан келсе ушу 2 адамга жардам бер» деп айтпайбы», - деди аксакал.

Азамат Байматов анын унаасы бар экендигин, ага Миландын жакындары эле айтышкандыгын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө коомчулукта ден соолугунан улам жардамга муктаж жарандар бизге кайрылып жатат. Ал каражат маселесине келип такалууда. Каражаттын жоктугунан көзү өтүп кетип жатат. Бирок мусулман өзүнө каалаган жакшылыкты бирөөлөргө да каалашы керек деп ойлойм. Барганыбыздын максаты ошол болчу. «Ач бала менен ток бала ойнобойт» деп коет. Бирок Милан кечээ ач бала болчу, ооруп жаткан.

Мага «Миланда жери, унаасы бар» деп өзүнүн классташтары, жакындары жана эл да айтты. Ошону уккандан кийин жөн гана Миланга унаасын сатып, башкаларга жардам берсин деп айтайын дегем. Себеби кыргыздын 6 жараны бизде жардамга муктаждардын тизмесинде. Барганда «Милан, мекендешим унааны сатып, ушул экөөнө жардам бер. Биринчи орунда унаа эмес, ден соолук турат. Ден соолугуң жакшы болгонуна шүгүр де» деп айттым. Камера деле сынбайт болчу. Камерага 60 жаштан ашкан апага Миландын кыйкырганы түштү. Анан мен ачуум келип, «Милан ушундай апалар, алардын балдары сага жардам берди. Сен ага «барчы нары» дегенге акың жок» деп экөөбүз урушуп кеттик. Ал камераны талашып, флешкасын алып койду. Талашып отуруп камера менен петличка сынды», - деди Байматов.

Айрым маалыматтарга караганда, 500 долларлык камера флешкасы менен сынган.

Азамат Байматовдун бул маселе боюнча видео кайрылуусун бул шилтемеден көрсөңүз болот.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова 30-июль күнү бирөөнүн мүлкүн зыянга учуратуу фактысы катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканын билдирди.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 2018-жылдын август айында Баткен шаарынын 24 жаштагы тургуну, 2 баланын атасы Садыкжан уулу Милан боорунун кургап калгандыгына байланыштуу катуу ооруп, тез арада боорун алмаштырууга муктаж экендиги кабарланган.

Атасы Садыкжан Пазылов, баласы үчүн өзүнүн боорун берүүгө даяр экендигин айткан. Боорду алмаштыруу үчүн Индияда операция жасатуу керек болгон. Ал үчүн чоң суммадагы акча зарыл экендиги белгилүү болгон.

«Милан 2011-жылдан бери ооруп, кайрылбаган жери калбады. Азыр анын боорун алмаштырбаса болбойт. Күндөн-күнгө абалы оор. Операциянын өзүнө эле 30 миң долларга жакын акча керектелет экен. Жатакана, жол кире, дары-дармек, котормочу деген нерселер да бар. Мен азыр 55 жаштамын, донор болсом болот дешти. Азыр элден жардам сурап, акча топтоп жатабыз. Милан үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусу. 1 уул, 1 кызы бар. Келинчеги мындан 1 жыл мурда 2 баласын таштап, Москва шаарына кетип калган. Балдарын өзүбүз карап жатабыз. Келем десе балдары үчүн эч нерсе дебейбиз. Жашаса да, жашабаса да өзү билет. Бүгүнкү күндө Милан оору менен алышып, күнүнө 10 миң сомго жакын дары-дармек колдонот. Антпесе курсагы, буттары шишип кетет. Ал дары Баткенде жок болгондуктан Ташкенттен 7200 сомго алып келебиз», - деген болчу ал.

Буга чейин Милан Садыкжан уулу Баткен облустук телерадиокомпаниясында оператор болуп иштеп келген. Миландын жакындары колунда бар, кайрымдуу инсандардан жардам сурашкан.

Андан кийин 12-октябрда Милан Индияда боорун ийгиликтүү алмаштырганы белгилүү болгон. Аны менен Индияга чогуу барган досу Төлөгөн Карабаев Миланга 20 жаштагы карындашы Диана донор болгондугун кабарлаган. 10 саатка созулган операцияны 42 жаштагы Вивек Виж аттуу дарыгер жасаган.

«Миландын операциясы Дойна деген шаарда жасалды. Бул жакка Моңголия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден боорун алмаштырганы келишет экен. Дарыгерлер бейтаптарга убагында дары-дармектерин берип, көзөмөлдөп турушат. Диана да бир тууганы үчүн боорун берип, сабыр менен өзүн кармап турат», - деген болчу ал.

Милан менен карындашы Индиядан 8-ноябрда Кыргызстанга кайтып келишкен. Алар менен аны менен Индиядан чогуу келген Медер Сапарбае Миланга боорун берген карындашы Диананын абалы да жакшы экендигин айткан.

«Миланга 10 саат операция жасалганын айтышты. Азыр Кыргызстага чогуу учуп келдик. Учурда абалы жакшы. Донору Диана Садыкжан кызынын абалы да сонун. Индиядагы дарыгерлер диета кармап, дарыларын калтырбай ичүүсүн айтышты жана инфекциялык оорулардан абайлашын дайындашты. «Эл көп жерде жүрбөсүн» дешти. 6 айдан кийин кайра Индияга барып, дагы анализ тапшырышат. Азыр 1,5 долларлык дары ала келди. Ошол дарылар 3 айга жетет экен. Өмүр бою дары ичип туруш керек экен», - деген Сапарбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×