Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Баракелде, Бишкек 31.07.2019 16:38 На русском

Погончон айым: А.Салымбекованын балачактагы кыялы ИИМде аткарылды

Turmush -  ИИМдин иш кагаздар менен иштөө бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү, кенже сержант Айканыш Салымбекова 4-классынан баштап бий ийримине катышып, ушул күнгө чейин бийлеп келет. Ал 6 жыл спорт менен машыгып, эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында 3-орунду багындырган.

«Апам эл агартуунун мыктысы. Атам да ушул тармакта иштечү, тилекке каршы көзү өтүп кеткен. 4 бир тууганмын. Эжем менен байкем үй-бүлөлүү, иним жана мен турмуш кура элекпиз», - деди ал.

Айканыш Салымбекова Нарын шаарында 1992-жылы 13-июлда төрөлгөн.

«Атам Салымбек Обукеев спортчу болгон. Ал эми апам Кенжегүл Байбосунова баян чертип, ыр жазып, ырдаганды жакшы көрөт. Ал жазган ырларды китеп кылып чыгарып койсокпу деп ойлоп жүрөм. Ушундай таланттуу үй-бүлөдө төрөлүп калганым үчүнбү, айтор мен дагы кичинекей кезимден эле, тактап айтканда 4-классымдан баштап бий ийримдерине катышып, жакшы ийгиликтерге жетиштим. Бий дегенде ичип жаткан ашымды таштап чуркачумун. Ага удаа бөлөм Жылдыз Ибраива экөөбүз эркин күрөш боюнча спорт залга барып машыгып да жүрдүк.

2003-жылы Нарын шаарындагы спорт мектебине барып, эркин күрөш менен машыгып баштагам. 6 жыл ушул спорт менен жүрдүм. Ошол жылдардын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатына катышып, 3-орунду алып келгем. Көптөгөн грамоталардын, медалдардын ээси болгом. Азыр бөлөм дагы укук коргоо органында иштеп, мыкты кызматкер аталган.

Кийин чоӊоюп, эс тартып калганда спортту таштап, окууга көбүрөөк көӊүл буруп калдым. Андан бери көп жыл өттү. Азыр «спорт менен машыккам» десем кээ бир адамдар ишене бербейт», - деди ал.

Каарманыбыз бала кезинен эле форма кийип, элге кызмат кылууну кыялданчу.

«2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясындагы адвокатура жана юстиция факультетине барып, аны ийгиликтүү аяктагам. Эмгек жолумду 2017-жылы иш кагаздар менен иштөө бөлүмүнөн баштагам.

Форма кийип, орган кызматкери болуу — балалык күндөрүмдөн баштап эле көксөп жүргөн кыялым болчу. Ошол өзүм сүйгөн кесипти азыр аркалап жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×