Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Баткен облусуБаткен району 31.07.2019 16:02

Баткендин Ак-Сай айылында кичи футбол аянтчасы ачылды

Turmush -  Бүгүн, 31-июлда Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага облус жетекчилиги катышып, аянчанын курулушуна салым кошкон жаштарды жана 22-24-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга активдүү катышкан адамдарды ардак грамота менен сыйлады. Жетекчилик жаштарга футболдук мелдеш өткөрүү үчүн 30 миң сом тапшырды. Аянттын курулушуна 2,5 млн сом сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×