Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 31.07.2019 13:20

Лейлектик С.Баповго «Ардактуу аксакал» төш белгиси ыйгарылды

Turmush -  29-июлда Лейлек районунун Катраң айылынын 60 жаштагы тургуну Сайдаммат Бапов «Ардактуу аксакал» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал «Ардактуу инсандар» коомуна мүчөлүккө кабыл алынды.

Сайдаммат Бапов 46 жылдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп келе жатат. Азыркы учурда Катраң айыл аймагынын инвестиция тартуу боюнча башкы адиси болуп эмгектенүүдө. Буга чейин жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн германиялык уюмдун ардак грамотасын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×