Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусу, Баткен 31.07.2019 10:56

3-августка чейин аба ырайы 41° чейин ысышы мүмкүн

// АКИpress

Turmush -  Бүгүн, 31-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

ӨКМдин маалыматына караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

1-3-август күндөрү Чүй өрөөнүндө абанын күндүзгү температурасы 37-39° чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 39-41° чейин жогорулашы ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×